Урматтуу абитуриенттер, студенттер, ата-энелер, кесиптештер жана өнөктөштөр!
Түштүк Азия университетине кош келиңиздер! Биздин университет заманбап медициналык билим берүүнү өнүктүрүүгө, клиникалык ой жүгүртүүсү, кесипкөйлүгү жана этикалык жоопкерчилиги жогору адистерди даярдоого багытталган. Биз билим сапатын, практикалык даярдыкты, симуляциялык окутууну, илимий-изилдөө ишин жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү негизги артыкчылык катары карайбыз.
Ар бир студенттин кесиптик жана инсандык жактан өсүшү үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана студентке багытталган билим берүү чөйрөсүн түзүүгө умтулабыз. Медицинаны тандаган ар бир жаш адам үчүн бул билимге, жоопкерчиликке жана адамга кызмат кылууга башталган маанилүү жол.
Түштүк Азия Университетинин чоң үй-бүлөсүнө кош келиңиздер!

Буйлашев Талайбек Сабралиевич
Медицина илимдеринин доктору, профессор 1981-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институтунун педиатрия факультетин аяктаган. 1987-жылы кандидаттык диссертациясын, ал эми 2000-жылы Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугун медициналык-социалдык баалоо маселелерине арналган доктордук диссертациясын коргогон. Саламаттык сактоо жана жогорку медициналык билим берүү системасында илимий-изилдөө, педагогикалык, клиникалык жана башкаруучулук ишмердүүлүк боюнча көп жылдык тажрыйбага ээ. 2025-жылдын апрель айынан тартып Түштүк Азия университетинин окуу-клиникалык иштер боюнча проректору кызматын аркалаган.
