Урматтуу абитуриенттер, студенттер, ата-энелер, кесиптештер жана өнөктөштөр!
Түштүк Азия университетине кош келиңиздер! Биздин университет заманбап медициналык билим берүүнү өнүктүрүүгө, клиникалык ой жүгүртүүсү, кесипкөйлүгү жана этикалык жоопкерчилиги жогору адистерди даярдоого багытталган. Биз билим сапатын, практикалык даярдыкты, симуляциялык окутууну, илимий-изилдөө ишин жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү негизги артыкчылык катары карайбыз.
Ар бир студенттин кесиптик жана инсандык жактан өсүшү үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана студентке багытталган билим берүү чөйрөсүн түзүүгө умтулабыз. Медицинаны тандаган ар бир жаш адам үчүн бул билимге, жоопкерчиликке жана адамга кызмат кылууга башталган маанилүү жол.
Түштүк Азия Университетинин чоң үй-бүлөсүнө кош келиңиздер!

Дуйшенов Дамир Арыпбекович
ТАУнин ректору
Медицина тармагындагы жогорку квалификациялуу адис, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги. 2002-жылы КММАсын «Дарылоо иши» адистиги боюнча аяктаган, ал эми 2004-жылы КРСУде «Травматология жана ортопедия» адистиги боюнча клиникалык ординатураны бүтүргөн. Саламаттык сактоо тармагында 22 жылдан ашык эмгек тажрыйбасы бар, анын ичинде 8 жылдан ашык жетекчилик кызматтарда иштеген. Саламаттык сактоону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ведомстволук уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин көптөгөн ардак грамоталары менен сыйланган.
