ТАУнин кабыл алуу эрежелерине ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар университетке кабыл алынышы мүмкүн, эгерде Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусуна ылайык, аларга «Дарылоо иши» жана «Стоматология» адистиктери боюнча университетте окууга каршы көрсөтмө жок болсо.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана майыптыгы бар адамдар үчүн кабыл алуу документтеринин тизмеси
1. ТАУнин ректорунун атына жазылган арыз;
2. ЖРТ сертификатынын түп нускасы — күндүзгү бөлүмгө тапшыруучулар үчүн;
3. Орто билим жөнүндө документ — аттестат же диплом;
4. 3×4 см өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
5. 086-У формасындагы медициналык маалымкат;
6. Аскердик билет же каттоо күбөлүгү;
7. Документтерди кабыл алуу үчүн төлөм квитанциясы;
8. Паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген / майыптыгы бар адамдар үчүн кошумча документтер
1. Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан берилген майыптык тууралуу маалымкаттын көчүрмөсү;
2. Жеке реабилитациялоо программасы же психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын корутундусу;
3. Тандалган медициналык адистик боюнча окууга ден соолук абалына байланыштуу каршы көрсөтмө жок экендиги тууралуу тиешелүү адистин корутундусу. Зарыл болгон учурда психоневрологиялык диспансерден маалымкат талап кылынышы мүмкүн.
