Back

Сатаркулова Айнура Манасовна

ТАУнин деканы
Медицина илимдеринин кандидат, доценттин милдетин аткаруучу
2002-жылы КММАсын артыкчылык диплому менен бүтүрүп, андан кийин «Анестезиология жана реаниматология» адистиги боюнча клиникалык ординатурадан өткөн. Педагогикалык, илимий-изилдөө жана практикалык ишмердүүлүк боюнча көп жылдык тажрыйбага ээ. 36дан ашуун илимий эмгектин автору, анын ичинде эл аралык Scopus базасында индекстелген журналдарда жарыяланган макалалары бар.

Урматтуу абитуриенттер, студенттер, ата-энелер, кесиптештер жана өнөктөштөр!

Түштүк Азия университетинде сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм! Университетибиз заманбап медициналык билим берүүнү, клиникалык ой жүгүртүүнү, практикалык көндүмдөрдү жана медициналык этиканын жогорку принциптерин өнүктүрүүгө багытталган.
Деканаттын негизги милдети — окуу процессин сапаттуу уюштуруу, студенттерге академиялык колдоо көрсөтүү жана алардын кесиптик калыптанышына шарт түзүү. Университетте 560001 «Дарылоо иши» жана 560004 «Стоматология» багыттары боюнча билим берүү программалары ишке ашырылып, окуу фундаменталдык билимдерди, клиникалык даярдыкты, симуляциялык окутууну жана илимий ишмердүүлүктү айкалыштырат.
Медицинаны тандоо — бул жоопкерчилик, эмгек жана адамга кызмат кылуу жолу. Бардык студенттерге ийгиликтүү окуу, кесиптик өсүү жана илим-билимге умтулуу каалайм.

Түштүк Азия Университетине кош келиңиздер!

Козукеева Бурул Жетимишевна

Декандын орун басары

Байбосунова Сезим Арзыкуловна

Деканаттын адиси