
Исмаилов Руслан Сапарович
Бөлүм башчысы

Икбал Васим Мухаммад
Бөлүмүдүн адиси
Түштүк Азия Университетинин Маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү бөлүмү университеттин санариптик инфраструктурасын, маалыматтык системаларын, электрондук билим берүү ресурстарын жана заманбап IT-сервистерин өнүктүрүүнү, коштоону жана техникалык колдоону камсыз кылган түзүмдүк бөлүм болуп саналат.
Бөлүмдүн ишмердүүлүгү билим берүү, илимий, административдик жана башкаруу процесстерин санариптик трансформациялоого, түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, маалыматтык коопсуздукту камсыздоого жана студенттер, окутуучулар жана университет кызматкерлери үчүн заманбап санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.
Маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү бөлүмү ректорат, деканат, кафедралар, окуу-методикалык бөлүм, мониторинг жана сапат бөлүмү, студенттик бөлүм, эл аралык бөлүм, финансылык-бухгалтердик кызмат жана университеттин башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен кызматташат.
