Медициналык пункт
Медициналык пункттун ишенимдүү дарыгери
Хантая Мухаммад Маруф
Медициналык пункт
Медициналык пункт Түштүк Азия Университетинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Медициналык пункттун түзүмү жана штаттык расписаниеси университеттин ректору тарабынан бекитилет.
Өз ишмердүүлүгүндө медициналык пункт Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы колдонуудагы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарын жана нускамаларын, университеттин ички ченемдик документтерин, ошондой эле университет ректорунун буйруктарын жетекчиликке алат.
Медициналык пункттун максаттары жана милдеттери
Медициналык пункттун негизги максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр:
• жаракаттарда, курч ооруларда жана ууланууларда шашылыш жардамды кошо алганда, баштапкы медициналык жардам көрсөтүү;
• зарыл учурда тез медициналык жардам бригадасын чакыруу;
• профилактикалык жана ден соолукту чыңдоочу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
• студенттер жана университет кызматкерлери арасында санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү.
Медициналык пункттун функциялары
Медициналык пункт төмөнкү функцияларды аткарат:
• терапиялык багытта амбулатордук-поликлиникалык баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө медициналык ишмердүүлүккө берилген лицензияга ылайык дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзөт;
• саламаттык сактоо мекемелери менен биргеликте университет студенттеринин медициналык кароолорун жана мезгил-мезгили менен профилактикалык кароолорун уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылат;
• жугуштуу оорулардын алдын алууну кошо алганда санитардык-гигиеналык агартуу иштерин жүргүзөт;
• ден соолукту сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча консультация берет, анын ичинде тамактанууну, физикалык активдүүлүктү, дене тарбия жана спорт менен машыгууну, окуу, эмгек жана эс алуу режимин тууралоо боюнча сунуштарды берет;
• медициналык кабинетте инфекциялык көзөмөл талаптарынын сакталышын камсыз кылат;
• санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери менен биргеликте эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзөт, окуу аудиторияларынын, тиричилик жайларынын жана университет аймагынын санитардык абалын көзөмөлдөйт;
• студенттерди жана окутуучуларды өзүнө жана бири-бирине жардам көрсөтүү боюнча окутууну уюштурат жана өткөрөт, социалдык маселелер жана эмгекти коргоо боюнча комиссиянын ишине катышат;
• белгиленген формадагы эсепке алуу жана отчеттук документтерди жүргүзөт.
Кабыл алуу убактысы
Дүйшөмбү: 09:00дөн 17:00гө чейин
Шейшемби: 09:00дөн 17:00гө чейин
Шаршемби: 09:00дөн 17:00гө чейин
Бейшемби: 09:00дөн 17:00гө чейин
Жума: 09:00дөн 17:00гө чейин
Байланыш маалыматтары
Телефон: +996 (700) 271 927
Дареги: Токмок шаары, Гагарин көчөсү, 120, 2-кабат, № 213 кабинет.
