
УЮАнын студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине жана Бурана мунарасына барышты
2026-жылдын 26-апрелинде «Кыргызстандын тарыхы» дисциплинасынын алкагында Түштүк Азия Университетинин студенттери үчүн көчмө окуу экскурсиясы уюштурулду.
Студенттер Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине жана Бурана мунарасына барып, Кыргызстандын тарыхынын негизги этаптары, археологиялык табылгалар, тарыхый экспонаттар жана маданий мурас эстеликтери менен таанышышты.
Экскурсия студенттердин теориялык билимдерин бекемдөөгө, Кыргыз Республикасынын тарыхына жана маданиятына болгон кызыгуусун арттырууга, ошондой эле дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталды. Тарыхый-маданий объектилерге баруу студенттерге өлкөнүн тарыхый мурасынын маанисин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Көчмө окуу экскурсиясын уюштурууга байланыштуу транспорттук чыгымдар Түштүк Азия университети тарабынан каржыланды.
Previous post



