
Түштүк Азия университетинде өрт кырсыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Бүгүн Түштүк Азия университетине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү келип, өрт кырсыгы катталган учурда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча студенттерге жана кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө өрт чыккан учурда өзүн туура алып жүрүү, эвакуация эрежелерин сактоо, өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонуу жана коопсуздук чараларын көрүү боюнча маанилүү маалыматтар берилди.
Мындай иш-чаралар ар бир адамдын коопсуздугун камсыз кылууда, өзгөчө кырдаалдарга даяр болууда жана өмүрдү сактап калууда чоң мааниге ээ.
Коопсуздук — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз! 🚒🧯
Previous post
Мугалимдер күнүнө карата Түштүк Азия университетинин окутуучулары Токмок шаардык кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланышты
Октябрь 14, 2026
Next post
Түштүк Азия университетинин өкүлдөрү илимий-практикалык конференцияга катышты
Октябрь 16, 2026



