
ТАУда Индиянын улуттук Дивали фестивалы белгиленди
2025-жылдын 20-октябрында Түштүк Азия университетинде Индиянын эң маанилүү маданий жана салттуу майрамдарынын бири болгон Дивали — жарык фестивалы белгиленди.
Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө, улуттук салттарга урмат көрсөтүүгө жана ар түрдүү улуттагы студенттердин достугун бекемдөөгө багытталды.
Майрамдын жүрүшүндө студенттер Индиянын маданий салттарын, чыгармачыл номерлерин, музыкасын, улуттук каада-салттарын жана Дивалинин жарык, үмүт, биримдик жана береке майрамы катары символикалык маанисин көрсөтүштү.



