
ТАУда Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү белгиленди
2025-жылдын 1-декабрында Түштүк Азия университетинде Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында студенттер жана окутуучулар ВИЧ/СПИДдин алдын алуу, калктын маалымдуулугу, жоопкерчиликтүү жүрүм-турум, өз убагында тест тапшыруу, дарылоо жана ВИЧ менен жашаган адамдарды колдоо маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл медициналык кызматкерлердин стигманы азайтуудагы, бейтаптарга гумандуу мамилени калыптандыруудагы жана профилактикалык медицинаны өнүктүрүүдөгү ролуна бурулду.



