
ТАУда QuantaQuiz санариптик билим берүү платформасы боюнча семинар өткөрүлдү
- Posted by user
- Categories Events kg, Research kg
- Date Декабрь 8, 2025
2025-жылдын 8-декабрында Түштүк Азия Университетинде Түштүк Азия университети менен Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин «EdUnit» компаниясынын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин негизинде семинар өткөрүлдү.
Семинар тесттик тапшырмаларды түзүү, баалоо жүргүзүү жана студенттердин окуу жетишкендиктерин жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен талдоо процесстерин автоматташтырууга багытталган «QuantaQuiz» санариптик билим берүү платформасын колдонууга арналды.
Катышуучулар баалоонун сапатын жогорулатууда, окуу натыйжаларын объективдүү баалоодо жана билим берүү процессин заманбап технологиялар аркылуу колдоодо санариптик инструменттердин мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Previous post
ТАУда «Манас эпосу — кыргыз элинин руханий байлыгы» аттуу семинар өттү
Декабрь 8, 2025



