ТАУ студенттери ЖОЖдор аралык волейбол турниринде 2-орунду ээледи
2026-жылдын 9-апрелинде Түштүк Азия университетинин студенттери Усенбек Усубалиевдин урматына Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжи тарабынан уюштурулган ЖОЖдор аралык волейбол турниринде катышты.
Түштүк Азия университетинин командасы ынтымакты, максатка умтулуучулукту, спорттук духту жана жеңишке болгон эркти көрсөттү. Мелдештин жыйынтыгында биздин студенттер сыймыктуу 2-орунду ээлешти.
Бул жетишкендик ТАУ студенттеринин спорттук жана окуудан тышкаркы жашоого активдүү катышуусун, ошондой эле сергек жашоо образына, тартипке жана командалык ишке болгон умтулуусун чагылдырат.
Previous post
ТАУнин деканы «КММАнын илим күндөрү-2026» конференциясында калыстар тобунун төрайымы болду
Апрель 9, 2026







