
ТАУда Ачык эшик күндөрү өткөрүлдү
2026-жылдын 15, 16 жана 17-апрелинде Түштүк Азия университетинде абитуриенттер, ата-энелер жана коноктор үчүн «Ачык эшик күнү» иш-чаралары өткөрүлдү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө коноктор университет, билим берүү программалары, кабыл алуу эрежелери, академиялык чөйрө, клиникалык даярдык, симуляциялык окутуу, студенттик жашоо жана эл аралык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кеңири маалымат алышты.
Университет кызматкерлери окуу жана практикалык даярдыктын негизги багыттарын тааныштырып, «Дарылоо иши» жана «Стоматология» программалары жөнүндө маалымат беришти, ошондой эле кабыл алуу, окуу шарттары, жатакана жана студенттерди колдоо боюнча суроолорго жооп беришти.
Previous post
ТАУ Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мектептеринде жана лицейлеринде кесипке багыт берүү иш-чараларын өткөрдү
Апрель 17, 2026



