
ТАУнун деканы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты
- Posted by user
- Categories Events kg, Research kg
- Date Май 10, 2026
2025-жылдын 11-ноябрында Түштүк Азия Университетинин деканы А.М. Сатаркулова Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган «Билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоодо илимдин ролу» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференция илим, билим берүү жана кесиптик тармактардын өкүлдөрүн бириктирип, илимий изилдөөлөрдү, билим берүү практикасын жана өндүрүштүк ишмердүүлүктү интеграциялоонун актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталды.
Бул иш-чара академиялык тажрыйба алмашууга, илимий кызматташтыкты бекемдөөгө жана Түштүк Азия университетинин изилдөө потенциалын өнүктүрүүгө маанилүү шарт түздү.
You may also like
ТАУда студенттик спартакиада өткөрүлдү
1 Май, 2026
ТАУда гистология боюнча олимпиада өткөрүлдү
28 Апрель, 2026

