
Түштүк Азия Университетинде билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү
2026-жылдын 15-сентябрында Түштүк Азия университетинде Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында университеттин босогосун жаңы аттаган биринчи курстун студенттери жана ардактуу коноктор салтанаттуу түрдө тосуп алынды.
Иш-чарага Токмок шаарынын вице-мэри Абышева Жаркынай Кубанычбековна баштаган шаар жетекчилигинин өкүлдөрү, Токмок шаардык кеңешинин төрагасы Тынайбеков Максат Тынайбекович, Жалпы дарыгерлер борборунун директору Усубалиев Бакыт Турумбекович жана башка ардактуу коноктор катышты.
Ардактуу коноктор студенттерди, профессордук-окутуучулук курамды жана университеттин жалпы жамаатын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, ак тилектерин билдиришти. Алар биринчи курстун студенттерине билим алуу жолунда ийгиликтерди, ал эми окутуучуларга үзүрлүү эмгек жана жаңы жетишкендиктерди каалашты.
Салтанаттуу иш-чара ыр-бийлер жана маданий номерлер менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Мындан тышкары, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо максатында этно-фуршет уюштурулуп, конокторго улуттук тамак-аштар сунушталды.












Previous post
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Түштүк Азия университетинин бир катар окутуучулары билим берүү тармагына кошкон салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн сыйлыктарга ээ болушту
Next post



