
ТАУда Индия Республикасынын күнү белгиленди
2026-жылдын 26-январында Түштүк Азия Университетинде демократияны, биримдикти, конституциялык баалуулуктарды жана Индиянын бай маданий мурасын символдоштурган Индия Республикасынын күнү белгиленди.
Иш-чара студенттерди, окутуучуларды жана университет кызматкерлерин достук жана өз ара урматтоо атмосферасында бириктирди. Өзгөчө көңүл ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттердин ортосундагы маданияттар аралык диалогду, өз ара сый-урматты жана достукту бекемдөөгө бурулду.
Майрам индиялык студенттерге өз улуттук салттарын жана маданий өзгөчөлүгүн университеттик коомчулук менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Previous post
ТАУда студенттер жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү менен академиялык маселелер боюнча жолугушуу өттү
Январь 26, 2026



