
ТАУда анатомия боюнча олимпиада өткөрүлдү
2026-жылдын 24-февралында Түштүк Азия Университетинде студенттер арасында анатомия боюнча олимпиада өткөрүлдү.
Иш-чара студенттердин теориялык билимин бекемдөөгө, клиникалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, академиялык мотивациясын жогорулатууга жана фундаменталдык медициналык илимдерге кызыгуусун арттырууга багытталды.
Олимпиаданын жүрүшүндө студенттер адам анатомиясы боюнча билимин, логикалык ой жүгүртүүсүн, командада иштөө жөндөмүн жана теориялык билимди окуу тапшырмаларын чечүүдө колдоно билүүсүн көрсөтүштү.



