ТАУда Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди
2026-жылдын 7-апрелинде Түштүк Азия университетинде ден соолукту чыңдоого, оорулардын алдын алууга жана сергек жашоо образына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга арналган Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө коомдук саламаттык, жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, жеке гигиена, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк жана келечектеги медициналык адистердин калктын ден соолугун жакшыртуудагы ролу талкууланды.
Мындай иш-чаралар студенттердин кесиптик жоопкерчилигин өнүктүрүүгө жана активдүү, сергек, социалдык жоопкерчиликтүү студенттик чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзөт.
Previous post
ТАУ Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мектептеринде жана лицейлеринде кесипке багыт берүү иш-чараларын өткөрдү
Апрель 7, 2026
Next post
ТАУнин деканы «КММАнын илим күндөрү-2026» конференциясында калыстар тобунун төрайымы болду
Апрель 9, 2026







