
ТАУда Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү белгиленди
2026-жылдын 24-мартында Түштүк Азия Университетинде Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында студенттер жана окутуучулар кургак учуктун алдын алуунун маанилүүлүгүн, өз убагында медициналык кароодон өтүүнү, сергек жашоо образын, эмдөө боюнча маалымдуулукту жана жеке жана коомдук саламаттыкка жоопкерчиликтүү мамиле кылууну талкуулашты.
Иш-чара студенттердин кургак учук жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жана келечектеги медициналык адистердин оорулардын алдын алуудагы жана калктын ден соолугун коргоодогу ролун түшүнүүсүн бекемдөөгө багытталды.
Tag:Course



