
ТАУнун деканы VIII жыл сайынкы илимий-практикалык конференцияга катышты
- Posted by user
- Categories Events kg, Research kg
- Date Апрель 5, 2026
2025-жылдын 5–6-ноябрында Түштүк Азия Университетинин деканы А.М. Сатаркулова Эл аралык жогорку медицина мектеби тарабынан уюштурулган «Медициналык илим жана билим берүү тармагындагы инновациялар» аттуу VIII жыл сайынкы илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференциянын жүрүшүндө А.М. Сатаркулова «Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын иш стажынын сенсомотордук реакцияларга тийгизген таасири» деген темада илимий баяндама жасады.
Бул иш-чарага катышуу илимий тажрыйба алмашууга, академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө жана Түштүк Азия университетинин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.



