
ТАУ Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мектептеринде жана лицейлеринде кесипке багыт берүү иш-чараларын өткөрдү
2026-жылдын 6–11-апрелинде Түштүк Азия Университети Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын мектептеринде жана лицейлеринде кесипке багыт берүү иш-чараларынын сериясын өткөрдү.
Иш-чаралар мектеп окуучуларын медициналык билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, кабыл алуу эрежелери, билим берүү программалары жана Түштүк Азия университетиндеги студенттик жашоо тууралуу маалымдоого багытталды.
Жолугушууларда университеттин өкүлдөрү болочок абитуриенттерди «Дарылоо иши» жана «Стоматология» программалары менен тааныштырып, заманбап медициналык университетте билим алуунун артыкчылыктары тууралуу айтып беришти жана кабыл алуу, окуу процесси, клиникалык даярдык, жатакана жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолорго жооп беришти.
Previous post
ТАУнун деканы VIII жыл сайынкы илимий-практикалык конференцияга катышты
Апрель 6, 2026



